Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

АКШ: Өкүлдөр палатасынын спикери биринчи турда шайланбай калды


Кевин Маккарти.
Кевин Маккарти.

Кошмо Штаттарында 100 жылдан бери биринчи жолу Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери биринчи турда үч жолку добуш берүүдө шайланбай калды. Өкүлдөр палатасынын спикерлигине республикачылардын талапкери Кевин Маккарти 203 добуш алды. Анын бул кызматка келиши үчүн кеминде 218 конгрессмендин колдоосу керек. Палатанын бул жолку чакырылышында 222 республикачыл конгрессмен бар жана алардын ичинен консерватор 19 конгрессмен Маккартини колдобой, дагы бир талапкер Жим Жорданга добуш берди.

Республикачылардын негизги атаандашы, демократтар көрсөткөн талапкер Хаким Жеффристи фракциялаштарынын баары колдоп, 212 добуш топтоду.

Спикер дароо шайланбай калган окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана Өкүлдөр палатасынын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган. Спикерди шайлоо шаршембиде, 4-январда дагы болот, шайланмайынча добуш берүү улана берет.

АКШда былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

Өкүлдөр палатасына 2018-жылы өткөн шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG