Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53

Орусия Макеевкадагы чабуулда 89 жоокери мерт болгонун билдирди


HIMARS комплекси, архивдик сүрөт.
HIMARS комплекси, архивдик сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Донецк облусунун Макеевка аймагында украин аскерлеринин ракеталык чабуулунан мерт болгондордун саны 89га жеткенин билдирди. Алардын арасында полктун командиринин орун басары дагы бар экенин ырасталды.

Орус куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сергей Севрюков өздүк курам чөнтөк телефон менен жапырт колдонгону себептүү аскерлердин турган жери аныкталып калганын айтты. Коргоо министрлиги чабуулдун мизин кайтарууда HIMARS комплексинин атуучу бөлүгү жабыркаганын кабарлады. Украина бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Чабуул 1-январга караган түнү болгон. Кремлге ыктаган каналдар жүздөгөн адам өлгөнүн маалымдашкан.

Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар департаменти өзүнүн Телеграм-каналында 400 киши набыт болгонун, дагы 300гө жакыны жараат алганын жазды.

Донецк жикчилдеринин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Игорь Стрелков (Гиркин) каза тапкандардын жана жарадар болгондордун санын "жүздөгөн" деп сыпаттап, кампадагы ок-дарылар жардырылганын айткан.

Сокку аскерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайынын имаратына тийген. Окуя болгон жерден тартылган видеодон лицейдин имараты талкаланганы көрүнүп турат. Украин каналдары каза болгондор Самара облусунан мобилизацияланганын кабарлаган.

Бир Орусия согуш башталгандан бери моюнга алган эң чоң жоготуу болуп саналат.

Орус армиясы Украина менен согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат бербейт. Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.

Согуш маалында мындай маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG