Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Төө-Ашууга жана Ала-Белге бийиктиги төрт метрлик тосмолор курулат


Бишкек-Ош жолу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Архивдик сүрөт.

Бишкек–Ош автожолунун ашуулардагы тилкелерине кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор курулганы жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапониянын борбору Токио шаарында 27-декабрда Iwata Chizaki компаниясы менен “Бишкек–Ош автожолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюлду.

Долбоорду Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги JICA ишке ашырат.

Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн долбоор алкагында 8 миллиондой доллар грант бөлүнүп берилет.

Төө-Ашууга жалпы узундугу 2 чакырымдык, Ала-Белге 2,5 чакырымдык, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулат.

Курулуш иштери быйыл башталып, 2027-жылдын соңунда жыйынтыкталат.

Бишкек–Ош жолу – Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштыруучу негизги трасса. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG