Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарындын айрым аймактарында кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 4-5-январь күндөрү жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.

Кыргызстанда 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы ыктымал, калган облустарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-1, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15.

​Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG