Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Кулябдын тургуну милиция бөлүмүндө табышмактуу жагдайда каза болду


Розиковду жерге берүү учуру.
Розиковду жерге берүү учуру.

Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарынын 37 жаштагы тургуну Абдукаххор Розиков милицияда табышмактуу жагдайда каза болду. Ал 2-январда маңзатка шектелип кармалгандан көп өтпөй көз жумган.

Туугандары ал жергиликтүү милиция бөлүмүндө кыйноого кабылган деп жатышат. Тажикстандын Ички иштер министрлиги "Розиковдун өлүмүнө психотроптук затты көп дозада кабыл алганы" себеп болгонун билдирди.

Куляб облусунун прокуратурасы Розиковдун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок тергөөнүн баштапкы маалыматтары коомчулукка маалым эмес. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу да айтылган жок. Розиковдун сөөгү 4-январда жерге берилди.

Убактылуу кармоочу жайларда жана түрмөлөрдө отургандарды кыйноо жана аларга жасалган катаал мамиледен улам жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин такай сындап келишет. Бийлик аны четке какпайт, бирок бул айрым учурларга гана тиешелүү экенин жана кеңири жайылбаганын айтат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG