Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Ооганстанда тумоонун оор түрүнө кабылган балдар көбөйдү


Ооганстандык бала.
Ооганстандык бала.

Талибдер башкарып жаткан Ооганстандагы гуманитардык кризистин тушунда балдар арасында пневмония жана дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясы жайылууда. Айрыкча кыш келгени абал курчуп кеткен.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети беш жашка чейинки балдардын тумоолоп ооруканага жаткырылганы былтыркыдан 50% көп болгонун билдирди.

Эки жылдай мурун Кабулда "Талибан" бийликти кулатып, өлкөнүн башына келгени чет элдик жардамдын эсебинен күн көрүп, терең кризиске баткан.

2022-жылдын декабрында талиб өкмөтү гуманитардык миссияда аялдардын иштөөсүнө тыюу салган соң 180дей уюм “чектен чыккан консервативдүү коомдо” иштей албайбыз деп, ишмердигин токтоткон.

Былтыр Ооганстандын ички дүң өнүмү 20% азайган. Карапайым оогандардын көбү тамак-аш, таза сууга жете албай, медициналык тейлөөсүз калды.

Бириккен Улутутар Уюму 39 млн. ооган элинин 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу ыктымал деп эскерткен.

Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алды. Жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттыкка" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG