Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Рузахуновдун ишине байланыштуу материалдар Казакстанга жөнөтүлдү


Викрам Рузахунов Бишкекке келгенден кийин Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан.
Викрам Рузахунов Бишкекке келгенден кийин Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандагы Январь окуяларында сабалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов ишине байланыштуу чогулган бардык материалдарды, экспертизанын жыйынтыгын Казакстанга декабрь айында жөнөттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

"Кылмыш иши эки тарапта тең "кыйноо" беренеси менен козголгон. Бул кызмат адамдары жасаган кылмыштарга кирет. Казакстандагы тергөө эми кайра жанданат. Анткени экспертизалар дайындалган маалда убактылуу токтотулган. Экспертизанын жыйынтыктары чыкты, ошондуктан кайра жандандырылат. Анын денесине оор жаракат келтирилгенин Казакстандын экспертизасы дагы далилдеди",- деди адвокат.

Буга чейин Бакыт Автандил Рузахуновдун кылмыш ишинде кыйноо фактылары аныкталган учурда кенемте талап кылынарын билдирген.
Рузахунов жабырлануучу катары былтыр сентябрь айынын соңунда Алматы шаарына барып көрсөтмө берген. Ал Инстаграмдагы баракчасына Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазган.

Былтыр январда Алматыда Рузахуновдун кармалып, катуу токмоктолгон видеосу Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жараат алганын тастыкташкан.

Былтыр жайында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырган. Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG