Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Франция Украинага дөңгөлөктүү танк, чопкутталган жол тандабастарды берет


AMX-10 RC танкын франциялык GIAT компаниясы чыгарган жана негизинен чалгындоо максатында колдонулат.
AMX-10 RC танкын франциялык GIAT компаниясы чыгарган жана негизинен чалгындоо максатында колдонулат.

Франция Украинага AMX-10 RC маркасындагы дөңгөлөктүү танкттарды, Bastion үлгүсүндөгү чопкутталган жолтандабастарды берет. Бул тууралуу француз президенти Эммануэл Макрон Твиттердеги баракчасына жазды. Ал украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

"Жеңиш болмоюнча, Европага тынчтык орномоюнча биздин Украинаны колдообуз мокобойт. Мен муну президент Зеленскийге билдирдим: Франция жеңил танктарды берет жана абадан коргоо жаатында колдоосун улантат", - деп жазды Макрон.

Елисей сарайы бул Батыш мамлекеттеринде жасалган танктарды украин куралдуу күчтөрүнө берген алгачкы учур экенин белгиледи. Азырынча канча танк канча убакытка берилери ачык айтыла элек.

Зеленский Франциядан танк алынарын бышыктады жана тараптар мындан аркы аскердик кызматташууну макулдашканын билдирди.

AMX-10 RC танкын франциялык GIAT компаниясы чыгарган жана негизинен чалгындоо максатында колдонулат. Бул машиналарды француз куралдуу күчтөрү 1981-жылдан тартып колдонот. 2021-жылга карата мындай үлгүдөгү 240тан ашык танк бар экени айтылган.

Bastion чопкутталган жол тандабастарды Acmat компаниясы алгач Африкада иштеген француз атайын кызматтарынын өкүлдөрү үчүн чыгарган. Бул машинанын жаңы үлгүлөрүнө сегиз киши батат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG