Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:52

Ош шаары: түнкү клубдагы жаңжалды Аскер прокуратурасы иликтейт


Ош шаары, архивдик сүрөт.
Ош шаары, архивдик сүрөт.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Sky Bar түнкү клубунда "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери аралашкан жаңжалды мындан ары Аскер прокуратурасы иликтерин "Азаттыкка" билдирди. Анын маалымдашынча, уруш чыгаргандардын тек-жайы такталып, бул факты каттоого алынды жана күбөлөр көрсөтмө берди.

"Окуя Sky Bar түнкү клубунда 1-январдан 2-январга караган түнү болгон. Бул окуя боюнча ушул убакка чейин милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Жогоруда айтылган видеонун негизинде Ош шаардык милициясынын Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу тиешелүү материалдарды топтоп, окуяга катышкандардын тек-жайын аныктап, териштирүү жүргөн. Арыз жазылбаган күндө деле бул материалдар андан аркы териштирүү үчүн жетиштүү болот. Бүгүнкү күндө бул иштин материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди",-деди Сыдыков.

Мунун алдында социалдык тармактарда Оштогу белгилүү Sky Bar түнкү клубунда эс алган эки киши жаңжал чыгарып, көңүл ачып отурган белгисиз кыз менен жигитти токмоктогон видео жарыяланган. Ур-токмокко алган эки адам Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен бажы кызматкери экени белгиленген. Тасмада бир топ адам чыр-чатакты токтотууга аракеттенип, ажыратууга аракет жасаса дагы уруш чыгаргандар токтобой, сыртка качып чыгып, таксиге отурууну көздөгөн жабырлануучуну тепкилеп, башка бир кызды чачынан сүйрөп, бетке урганы тартылып калган. Жергиликтүү блогер Ринат Усупбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасап, окуяга тиешеси бар офицерлерге чара көрүүнү суранган.

Бажы кызматы, Камчыбек Ташиев жана УКМКнын басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG