Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Бишкек менен Сузакта эки адам иске ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушундагы үйлөрдүн биринде 4-январга караган түнү өрт чыгып, ал жерде жашаган 1975-жылы туулган адам түтүнгө ууланып каза болгонун билдирди. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ушул эле күнү таңга маал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылындагы тамдардын бирин өрт чалып, 1971-жылкы тургун иске ууланып мерт болгон. Азырынча өрттүн чыккан себеби такталууда.

Мунун алдында Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү түтүнгө ууланып мерт болгон окуяны иликтеп жатканын кабарлаган. Милиция тараткан маалыматта кырсык 30-декабрга караган түнү катталганы, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып келгени айтылат.

Алга айылынын 1986-жылы туулган тургуну жаңы салынган үйүндө аялы, үч баласы жана кайын агасынын уулу менен уктап жатканда түтүнгө ууланышкан.

"Үйдү жылытуу үчүн сайылган эки жылыткычтын айынан электр зымдары эрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар өрттөнүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, алардын ууланып каза болгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.

Кыргызстанда иске, түтүнгө ууланып каза болгон окуялар буга чейин да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG