Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Январь окуялары: башкы прокурор Токаев буйрук бергенге чейин ок атылганын айтты


Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.
Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.

Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов туура бир жыл мурда Январь окуяларында күч органдары ок чыгарган жагдай тууралуу комментарий берди. Ал 5-январда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып нааразылык акцияларында президент Касым-Жомарт Токаев "эскертүүсүз атууга" буйрук бергенге чейин эле күч органдары ок чыгарганын айтты.

"Кол салгандарды атуу президенттин буйругуна чейин эле башталган. Бул жагдай мыйзамдын нормалары менен жөнгө салынган. Күч кызматкерлери биринчи окту 5-январда саат 16.00до президенттин резиденциясына чабуул башталганда чыгарган".

Асылов ошондой эле күч кызматкерлери полициянын, акимчиликтин жана башка имараттарга чабуул жасалган маалда курал колдонгонун айтты.

"Башаламандык зордукчул мүнөзгө өтүп бараткан маалда, андан кийин шаарды куралдуу жоочулардан тазалоо учурунда колдонулган",-деди башкы прокурор.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү тууралуу буйрукка 2-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, мунапыска 4-7-январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган 1,5 миңдей киши бошотулары айтылган.

Мындан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болгон. "Террорчулук, экстремизм", "коррупция", "мамлекетке чыккынчылык", "кыйноо жана жапырт башаламандык уюштуруу" беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Прокуратура кийинчерээк мунапыс алгандардын айрымдары эркиндикке чыкканын билдирген. Жалпы канча киши мунапыска илингени так эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG