Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Amazon 18 миңден ашуун кызматкерин кыскартат


Америкалык Amazon компаниясы 18 миңден ашык кызматкерин кыскартат. Бул - пландагыдан сегиз миңге көп жана компаниянын тарыхындагы эң чоң кыскартуу.

Мындай чечим экономикадагы туңгуюктун шартында жана акыркы эки жылда көп сандагы кызматкерлердин жумушка алынганына байланыштуу кабыл алынды.

Amazon компаниясынын башкы директору Энди Жесси билдиргендей, негизинен сатуучулар жана жалданган жумушчулар кыскартылат. Иштен бошотулгандарга акчалай кенемте берилет жана башка ишке орношууга жардам көрсөтүлөт.

Интернет соода кескин өскөн COVID-19 пандемиясынын шартында Amazon кызматкерлеринин санын көбөйткөн. 2022-жылдын сентябрына карата Amazon 1,5 миллион адамды жумуш менен камсыз кылган, алардын көбү компаниянын кампаларында иштеген.

2022-жылы компанияда акыркы жыйырма жылдагы эң жай өсүү байкалган. Сатып алуучулардын талаптары өзгөрүп, инфляциянын өсүшү сатууларга терс таасирин тийгизген жана компаниянын чыгымдары көбөйгөн. Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде таза киреше 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9% төмөндөгөн.

Былтыр ноябрда Meta компаниясы 11 миң кызматкерин же жалпы жумушчу күчүнүн 13% кыскарта турганын жарыялаган. Твиттердин жаңы жетекчиси Илон Маск 7500 кызматкеринин жарымына жакынын жумуштан бошотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG