Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Январь окуясы: Дүйшөмбү казак прокурорунун дооматын четке какты


Тажикстандын желеги.
Тажикстандын желеги.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы Январь окуяларына тажик жарандарынын тиешеси бар экенин четке какты.

Дүйшөмбү мындай билдирүүнү 6-январда жасады. Тажик тарап Казакстандын прокуратурасынын маалыматтары текшерилип, тастыкталбаганын айтууда.

Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Казакстандагы окуяларга кыргыз жарандарынын тиешеси жоктугун билдирген.

5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов парламентте сүйлөгөндө 2022-жылдагы жапырт башаламандыкка шек саналгандар арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деп баяндама жасаган.

Берик Асылов чет өлкөлүктөрдүн так санын жана аты-жөнүн айткан жок.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Ал кезде Кыргызстандын эки жараны да каза болгон. Казакстанда иштеп жүргөн айрым кыргызстандыктар да камакка алынып, кээ бири кыйноого кабылып, ден соолугу жабыркаган. Алар башаламандыкка катышы бардыгын четке кагып келатышат.

XS
SM
MD
LG