Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Бишкектеги ЖЭБде 100 миң тоннадан ашык көмүрдүн кору бар


ЖЭБде күнүмдүк керектөө 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө.
ЖЭБде күнүмдүк керектөө 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иши, азыркы абалы менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Учурда күнүмдүк керектөө 6,5 миң тоннага чейин жетип, күн сайын сырттан 7 миң тоннадай көмүр сырттан ташылып келүүдө.

Өткөн айдын аягында ЖЭБдин суу түтүгү жарылып, көп өтпөй оңдолгон.

2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, бир катар тиешелүү жетекчилер соттолгон.

2020-жылы октябрда ЖЭБде авариялык абал пайда болуп, көп өтпөй калыбына келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG