Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо жоктугуна даттанды


Кыштут айылы, архивдик сүрөт.
Кыштут айылы, архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Баткенге барганда Кыштут айылында чакан ГЭС куруп жаткан ишкерге жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда ишкер мамлекеттен колдоо болбой жатканына даттанган.

"Кыштут айылындагы Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10 мегаватт, баасы 7 миллион долларды түзгөн ГЭСтин курулушу 2021-жылы башталган. Анда ГЭСти беш каскад менен куруу пландаштырылып, учурда биринчи каскаддын жумуштары 100% аткарылды. Тактап айтканда, эки бассейн, 700 метр аралыктагы канал курулуп, беш чакырым аралыкка электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 500 миң доллар сарпталган. Эгер электр энергиясын мамлекет сатып алса бир канча айыл электр жарык менен камсыз болмок. Ишкер учурда тилекке каршы мамлекеттен колдоо көрсөтүлбөй, электр энергиясын сатып албай жатканына нааразы болду",- деп айтылат маалыматта.

Депутат бул маселени кышкы тыныгуудан кийин тармактык комитетте карап, чара көрүүнү убада кылган.

Буга чейин долбоорго инвестиция салган ишкер Бактыяр Калпаев биринчи агрегаттан айылдагы аз камсыз болгон он үй-бүлөгө, чакан ГЭС толук кубаттуулукта иштей баштаганда айылдагы 200 кожолукка электр энергиясы акысыз берилерин билдирген.

Энергетика министрлиги 2021-жылы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген. Буга чейин министрлик өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG