Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Өкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды


Кевин Маккарти.
Кевин Маккарти.

Кошмо Штаттарында 4-январда Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери алтынчы аракеттен кийин дагы шайланбай калды. Республикачылардын талапкери Кевин Маккарти бейшембиде да тийиштүү колдоо алган жок жана алтынчы раундда 201 гана добуш топтоду. Анын бул кызматка келиши үчүн кеминде 218 конгрессмендин добушу керек.

Республикачылардын дагы бир талапкери Байрон Дональдс 20 добуш алды. Демократтардын талапкери Хаким Жеффристи фракциялаштарынын баары колдоп, 212 добуш топтоду.

Буга чейин Маккарти спикер болуп шайланмайынча талакерлигин албасын айткан, ага негизинен консерватор республикачылар каршы чыгып жатат.

Спикер дароо шайланбай калган окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана Өкүлдөр палатасынын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган. Спикер шайланмайынча добуш берүү улана берет.

Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG