Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Сурамжылоо: Жаштардын 89% чет өлкөдө иштеп же билим алууну каалайт


Кыргызстанда жаштардын 89% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалай турганы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) агенттиктеринин жардамы менен уюштурулган сурамжылоодо белгилүү болду. “Кыргызстандагы жаштардын 2022-жылга карата бакубатчылык жана өнүгүү индекси” деген сурамжылоонун жыйынтыгы 5-январда жарыяланды.

Ага катышкан жаштардын 13,3% миграцияга кеткенден кийин кайра Кыргызстанга кайтып келүүнү пландабай турганын айтышкан. 30% өздөрү же үй-бүлө мүчөлөрү буга чейин эмгек миграциясында болгонун айтып беришкен.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сунушу менен уюштурулган бул сурамжылоого Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-28 жаштагы 1640 улан-кыз катышкан. Анда жарандык катышуу, экономикалык өлчөө, билим берүү, маданият, ден соолук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, коопсуздук, үй-бүлө жана экология багыттары камтылган.

Статистика боюнча Кыргызстандын 7 миллион калкынын жарымын 25 жашка чейинкилер түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG