Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Январь окуялары: кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон


Январь окуяларында каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 238ге жеткен.
Январь окуяларында каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 238ге жеткен.

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон жана анда полициянын, коопсуздук кызматынын 39 кызматкерине айып коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Берик Асылов 5-январда парламентте билдирди. Анын айтымында, Алматы облустук полициясында кыйноо көргөн 24 адамдын иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Ошондой эле Талды-Коргондо, Алматыда жана Семейде кыйноодо мерт болгон үч адамдын иши тергелип бүттү. Башкы прокурор күнөөлүүлөр жазасыз калбасын айтты.

Асыловдун ырасташынча, Коррупцияга каршы кызмат кыйноо фактыларынан улам 850дөн ашык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүп, 347 иш "кылмыштын курамы жок" деген негизде токтотулган.

Январь окуяларында Алматы шаарында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов дагы сабалып, бул фактыга байланыштуу Казакстанда жана Кыргызстанда дагы "кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын адвокаты Бакыт Автандил экспертизаларда ал денесинен оор жаракат алганы аныкталганын, корутунду чыкканына байланыштуу тергөө кайра жанданарын "Азаттыкка" билдирди.

Былтыр январда Алматыда Рузахуновдун кармалып, катуу токмоктолгон видеосу Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жараат алганын тастыкташкан.

Былтыр жайында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырган. Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238 киши каза тапкан.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG