Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түштү


Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 75-чакырымына түшкөнүн кабарлады. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан бул жол убактылуу жабылганын билдирди.

"Аталган жолдун 47 жана 107-чакырымдарында атайын бекеттер уюштурулган. Бүгүн тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника тартылды. Кошумча маалымат берилет",- деп билдирди аталган министрлик.

Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 4-5-январь күндөрү жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүндүгү айтылган.

Адистер тоолуу аймактарда, кан жолдордо машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керектигин эскертип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG