Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Бакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетика министри Таалайбек Ибраевге жылытуу маалында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Ал 5-январда Чүй электр тармактар ишканасында өткөргөн жыйында энергетиктерди аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даяр турууну эскертти.

"Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү айтылып жатат. Бүгүнтөн баштап электр тармактары ишканаларынын баарындагы ар түрдүү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар", - деген Төрөбаев.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, Төрөбаев 2023-жылга коюлган пландарды өз убагында, жеткиликтүү деңгээлде аткаруу үчүн электр жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүүнү айтты. Мындан сырктары акылдуу электр эсептегичтердин көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын билдирип, муну менен электр энергиясынын жоготууларынын азайтууга болорун белгиледи.

Мунун алдында Гидрометеорология борбору Кыргызстандын аймагында келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөшүн маалымдаган.

Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG