Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

АКШ: Өкүлдөр палатасы үч күн катары менен спикер шайлай албай жатат


Кевин Маккарти.
Кевин Маккарти.

Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасы бейшембиде дагы спикер шайлай алган жок. Республикачылардан чыккан негизги талапкер Кевин Маккарти үчүнчү күнү 200 добуш топтоду, анын бул кызматка келиши үчүн дагы кеминде 18 конгрессмендин колдоосу керек.

Маккартиге негизинен консерватор республикачылар каршы чыгып, Конгресстин төмөнкү палатасынын ишине байланыштуу бир катар талаптарды коюп жатат. Маккарти менен анын тарапташтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Айрым басылмалар Конгрессте кырдаал чыңалып турганын, мыйзам чыгаруучулар бири-бирине өктөм сүйлөгөн учурлар болгонун жазышты. Спикер шайланбай жаткан себептен Өкүлдөр палатасы ишин баштай элек. Кийинки добуш берүү 6-январда дагы уланат.

Мурдагы президент Дональд Трамп баштаган республикачылардын көрүнүктүү өкүлдөрү камтамачылык билдирип, бул жагдай партиянын саясий беделине доо кетерин эскертип жатат.

Спикер дароо шайланбай калган окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана Өкүлдөр палатасынын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган. Спикер шайланмайынча добуш берүү улана берет.

Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG