Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Январь окуясы: кримтөбөл Жумагелдиев мартка чейин абакта калтырылды


Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда калайман баш аламандык уюштурууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө айыпталып кармалган.
Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда калайман баш аламандык уюштурууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө айыпталып кармалган.

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалган, кылмыш чөйрөсүндө "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 7-мартка чейин узартылды.

Бул тууралуу Алматы соту 6-январда билдирди.

Арман Жумагелдиев былтыр 7-январда калайман башаламандык уюштурууга, мыйзамсыз курал алып жүрүүгө айыпталып кармалган. Тергөөдө ал "коопсуздук кызматындагы кураторунун жардамы менен тополоң уюштурганы аныкталды. Жумагелдиевдин жетекчилиги менен көчөдөн бейтааныш 24 киши уурдалып, ур-токмоктун айынан алардын бири мерт болгон" деп айтылган.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы Январь окуяларындагы тополоңго жалпысынан 12 кылмыштуу топ катышканын, алардын арасында Арман Жумагелдиев, "Айшуак-Жантугел" жана башка топтор да бар экенин билдирген. Анда кримтоптун 23 активдүү мүчөсү, төрт "авторитет" камакка алынганы айтылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган.

Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG