Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Дайырбек Орунбеков "Мега" компаниясынын кызматын колдонууга чакырды


Өткөн айда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" ("Мега" бренди менен таанымал) ишканасын сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган.
Өткөн айда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" ("Мега" бренди менен таанымал) ишканасын сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик "Мега" (мурдагы "Мегаком") мобилдик компаниясынын кызматын колдонууга чакырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына "биздин үйдөгүлөр мамлекеттин “Мега” уюлдук байланыш кызматын колдонобуз. Башкаларды дагы мамлекеттикине өтүүгө чакырам. Ага түшкөн пайда, кирешелери мамлекетке калат. Мамлекетке көп каражат түшсө - айлык, жөлөк пул, пенсия көлөмү өсөт. Мектептер дагы көп курулат, жолдор салынат" деп жазды.

Анын бул билдирүүсүнүн алдына пикир калтыргандардын айрымдары "Меганын" интернет байланышы начар экенин, айрым айылдарда, аймактарда телефон тартпай каларын, негизсиз акча алып койгон учурлар болгонун жазып жатышат.

Өткөн айда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (MEGA бренди менен таанымал) ишканасын сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Баалоо үчүн 7 млн. 800 миң сом белгиленген. Тандалган компания тиешелүү документтерди алган соң 45 күндүн ичинде баалоо иштерин бүтүрүшү керек.

Фонддун башчысы Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдиргендей, "Мега" мамлекет сатыкка коё турган 30 ишкананын катарында.

"Буга чейинки сынактарда талаптарга жооп берген компаниялар чыккан эмес. Эми баалоочу аныкталса, ал алгач компанияны баалайт. Андан соң мыйзамга ылайык комиссия түзүлөт. Кийин компанияны сатуу ачык аукцион, сынак же түз сатуу механизмдери менен каралышы мүмкүн. Азыр аны баалоо жөнүндө гана сөз болуп жатат", - деген Бакиров.

Бакиров "Мега" убагында 19 миллиард сомго бааланганын, азыркы наркы 14-15-миллиард сом болушу мүмкүн экенин быйыл ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айткан.

Ал былтыр июлда Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банк "Альфа Телекомду" сатып алышы мүмкүн экенин билдирген. Анын алдында Министрлер кабинети менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган.

Мындан көп өтпөй Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Альфа Телекомду" Улуттук банк сатып албай турганын билдирген.

2021-жылдын май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG