Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Лукашенко орус аскерлери жайгашкан базага барды


Александр Лукашенко аскер полигонунда. 6-январь, 2022-жыл
Александр Лукашенко аскер полигонунда. 6-январь, 2022-жыл

Беларус президенти Александр Лукашенко орус аскерлери жайгашкан Обуз-Лесновский полигонуна барганын Коргоо министрлиги 6-январда билдирди. Брест облусундагы бул полигон Украинага жана Польшага жакын.

Жолугушууда Лукашенко менен орус армиясынын аты аталбаган өкүлү эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгууларын талкуулашты.

"Ушул этапта Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү белгиленген тапшырмаларды аткарууга даяр", - деди өкүл.

Москва менен тыгыз союздаш саналган Беларус 5-январда Орусиядан көбүрөөк курал-жарак жана техника аларын, аскерий кызматташтыкты күчөтөрүн айткан. Бул жагдай Украинага түндүк жактан кол салынышы мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

Беларус оппозициясы 2022-жылдын күзүндө өлкөгө 120 миң орус аскери жайгаштырылышы мүмкүндүгүн, беларус армиясында аскерлердин саны көбөйтүлүп жатканын билдиришкен. Бул маалымат расмий ырастала элек.

2022-жылы Украинага кол салган Орусиянын аскерлери Беларус тараптан да киргени үчүн бир катар беларус аткаминерлерине, анын ичинде өлкө башында турган Александр Лукашенкого АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү санкция салышкан.

"Азаттыктын" беларус кызматы Орусиянын аскерлери өлкөнүн бир канча жеринде жайгашканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG