Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

COVID-19: Кытайда катуу чараларды сындаган аккаунттар жабылды


Шанхай, Кытай.
Шанхай, Кытай.

Кытайда социалык тармактарда бийликтин COVID-19га каршы ишин сындаган миңден көп кишинин аккаунту жабылып калды.

Кытай бийлиги эпидемия башталгандан бери уланып келаткан чектөөлөрдү четинен ала баштады. 8-январдан тарта Бээжин чет өлкөгө чыгууну каалаган же өлкө ичинде саякатка чыккысы келген жарандарына, чет элдиктерге карата катаал чектөөлөрүн жокко чыгарат.

Кытайдагы Sina Weibo социалдык тармагы платформаны колдонуу эрежеси бузулганы тууралуу 13 миңдей учурду каттаганын билдирди. Мындай эреже бузуулар негизинен эксперттерге, окумуштуу, медицина кызматкерлерине асылуу менен байланыштуу. Санкцияга 1200дөй аккаунт илинди.

COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам, жаңы жыл алдында бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өттү.

Кытайда коронавирус кайрадан жапырт жайылышынан улам каза болгондордун саны өсүп, крематорийлер сөөктөргө толуп кеткенин Bloomberg агенттиги сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянуу менен билдирди.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алганын жазган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG