Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Президент Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы уюмдарына кайрылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Мамлекет башчы бул кайрылууну 8-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда Кыргызстан жашыл экономика жаатында башка өлкөлөрдөн артта калганы, бийлик бул багыттагы иштерди тездетүүгө ниеттенип жатканы айтылат.

Президент өлкөнүн тышкы карызын "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу боюнча демилгелерди карап чыгууну тапшырганын билдирди.

Кайрылууда Кыргызстан гидроресурстарга бай экени, бул багыттагы потенциалдын 10% гана колдонулуп келгени, соңку жылдары ГЭСтерди курууга маани бериле баштаганы сөз болгон.

Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттары менен энергетика багытында кызматташууну сунуштады.

“Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз. Биз, бардыгыбыз балдарыбыздын экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

2022-жыл Кыргызстанда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы" деп жарыяланган.

2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн глобалдык климаттык саммитте президент Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыян газдарды 44% кыскартарын, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 млрд. 218 млн. долларды түзгөн. Анын 80% тышкы, 20% ички карыз. 2022-жыл ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 71 млн. долларга өскөн. Январь-ноябрь айларында ички карызды төлөөгө 10 млрд. сом, тышкы карызды жабууга 20,6 млрд. сом жумшалды. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG