Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Өзбекстан: балдардын өлүмүнөн кийин төрт киши кармалды


"Док-1 Макс" дарысы.
"Док-1 Макс" дарысы.

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган 19 баланын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында төрт киши камакка алынды.

Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 6-декабрда кабарлады.

Алардын экөө - Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жооптуу кызматкерлери "Док-1 Максты" лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө талаптарды одоно бузган деп айыпталып жатат.

Кармалгандардын дагы экөө сиропту Өзбекстанга импорттогон Quramax Mediсal компаниясынын кызматкерлери экени кабарланды.

Өзбекстанда өткөн айда ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликоль заты табылганын маалымдаган.

Ошол кездеги министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирген. “Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө ишин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфенезин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Компания Өзбекстандагы балдардын өлүмүнөн кийин “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтоткон.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG