Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Bloomberg: Кытай Батыштын COVID-19га каршы вакцинасын албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай бийлиги өлкөдө коронавируска чалдыккандардын кескин көбөйгөнүнө карабай, Кошмо Штаттардын COVID-19га каршы вакцина берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Вируска каршы эмдөөгө жардам берүү сунушун АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэниел Критенбринк жана Улуттук коопсуздук кеңешинин улук директору Лаура Роенбергер декабрда Кытайга келгенде берген. Андан тышкары жогорку кызматтагы дипломаттар, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү аркылуу да сунушталган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 6-январда коронавируска каршы вакциналар жана медициналык дары-дармектер жетиштүү экенин, Кытай COVID-19га каршы дүйнөлүк коомчулук менен кызматташууну уланта турганын билдирген.

Буга чейин Financial Times басылмасы Евробиримдик Кытайга коронавируска каршы акысыз вакциналарды берүүнү сунуш кылганын жазган.

Кытай эмдөө өнөктүгүндө өздөрүндө жасалган Sinovac жана Sinopharm вакциналарын колдонот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2022-жылдын 21-декабрында Кытайда вакцина жетишсиз экенин билдирген.

Жергиликтүү вакциналар оорунун оор өтүшүн алдын алуу үчүн үч дозаны талап кылат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 80ден ашкан кытайлыктардын 40% гана эмделген. Европа Биримдигиндеги улгайгандардын 83% толук эмдөөдөн өткөн.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам, жаңы жыл алдында бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өттү.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алганын жазган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG