Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Мексикада наркобарон Эл Чапонун уулу кармалгандан кийин тополоң чыкты


Кулиакан шаарындагы тополоңдо тартылган сүрөт.
Кулиакан шаарындагы тополоңдо тартылган сүрөт.

Мексиканын батышындагы Кулиакан шаарында бейшемби күнү эртең менен полиция белгилүү наркобарон Эл Чапонун уулун камакка алгандан кийин тополоң чыкты.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Чапонун уулу Овидио Гусман-Лопеске атасы негиздеген Синалоа наркотүйүнүнүн филиалын жетектеген деген айып тагылган. Аны кармоо операциясына АКШ көмөктөшкөн. Гусман-Лопес АКШга экстрадицияланышы күтүлүүдө.

Расмий кабарда айтылышынча, тополоңдо кеминде 10 адам, анын ичинде жети укук коргоо кызматкери жана жергиликтүү тургундар набыт болду. Наркокартелдин башчысынын тарапкерлери автоунааларды өрттөп, Лопести Мехикого жеткирбөө үчүн аэропортко чабуул жасашкан.

Aeromexico авиакомпаниясы ок атышуунун натыйжасында Мехико шаарына учууга даярданып жаткан учагы зыян тартканын билдирди.

2019-жылы да Мексика бийлиги Эл Чапонун уулун камакка алган. Анда да чоң тополоң чыгып, кан төгүүнүн алдын алуу үчүн коё берилген.

АКШда Овидио Гусман-Лопес издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Анын атасы, Эль Чапо деген ат менен белгилүү Хоакин Гусман АКШда өмүрүнүн аягына чейин камалган. Ал 2019-жылы баңгизат аткезчилиги жана акчаны адалдоо боюнча соттолгон. Анын ишин уулу улантып жатканы айтылып келген.

XS
SM
MD
LG