Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

"Sputnik Литва" агенттигинин башкы редактору Марат Касем кармалды


Марат Касем
Марат Касем

Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы "Sputnik Литва" агенттигинин башкы редактору Марат Касемди камакка алды.

LSM.lv порталы кабарлагандай, Касем Евробиримдиктин санкцияларын бузган деп шек саналууда. Ал 3-январда кармалган, ошол эле күнү сот аны камакка алууга санкция берген.

Марат Касем Латвиянын жараны, бирок Москвада жашаган. Литвада "Россия сегодня" мамлекеттик медиахолдингине кирген Sputnik маалымат агенттигин жетектеген.

Журналистке "БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен санкцияны бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Күнөөсү далилденсе, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Касем “Кремлди кызыктырган, анын ичинде Латвиянын жана анын союздаштарынын аброюна шек келтирген маалыматтарды” үзгүлтүксүз таратып турган.

Марат Касем бир нече жыл Орусияда жашап, иштеген. 2022-жылдын аягында үй-бүлөсү менен Латвияга үй-бүлөлүк себептерден улам кайтып келгенин Sputnik билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Касемдин кармалышын “диктатордук режимдердин өчү” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG