Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун бир тарабы ачылды


Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-январда Ош облусунда Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун бир тарабы ачылганын кабарлады. Бул жолго эки күн мурда көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан жол убактылуу жабылган.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 5-январда жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG