Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

АКШ Украинага 3 млрд. долларга аскердик жардам көрсөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Украинага кезектеги аскердик жардам үчүн 3 миллиард доллар бөлдү. Бул тууралуу жума күнү кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Каражаттын 682 миллион доллары украин аскерлерине берилген аскердик техниканын ордун толуктоо үчүн НАТОго мүчө өлкөлөргө тапшырылат.

Блинкендин кайрылуусунан кийин Пентагон аскердик жардамдын жаңы пакети тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, төмөнкүдөй аскердик жардам көрсөтүлөт:

  • "Брэдли" аскердик техникасынан 50 даана,
  • Танкка каршы 500 даана техника 250 миң огу менен,
  • MRAP чопкутталган унаадан 55 даана,
  • М113 чопкутталган транспортерден (БТР) 100 даана,
  • "БУК" зениттик-ракеталык комплексинен атылчу Sea Sparrow "жер – аба" классындагы ракеталар
  • "Хаммер" жолтандабас унаасынан 138 даана,
  • HIMARS комплекси үчүн М142 ракеталары,
  • Абадан коргонуу системалары, артиллериялык ракеталык комплекстер үчүн ар кандай ок-дарылар жана башка курал-жарактар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик жардамдын жаңы "рекорддук пакети" үчүн АКШга жана президент Жо Байденге ыраазычылык билдирди.

"Бул чынында майданда украин армиясын бекемдейт. Украиналыктар үчүн Рождество алдындагы чоң белек болду", - деп Зеленский Твиттерге жазды.

Блинкен ушуну менен АКШнын Украинага жана ага көмөктөшкөн өлкөлөргө көрсөткөн аскердик жардамынын көлөмү 24,9 миллиард долларга жеткенин билдирди.

Буга чейин АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия Украинага миллиарддаган долларга аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн. Украинага жардам берүү жагынан АКШдан кийин Британия, Германия, Канада жана Польша турат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG