Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

АКШ ирандык алты ишкерди санкциялык тизмеге киргизди


Иранда чыгарылган "Шахед-136" дрону.
Иранда чыгарылган "Шахед-136" дрону.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги орус армиясына "Шахед" жанкечти дрондорун берүүгө байланышы бар алты ирандык жаранга санкция салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдиргенин "Радио Свобода" жазды.

Анда алты жаран буга чейин АКШнын санкцияларына кабылган Qods Aviation Industries (QAI) компаниясынын жетекчилери экени, бул ишкана согуштук дрондорду Украинада колдонуу үчүн Орусияга берүүгө катышканы айтылат.

Санкциялык тизмеге QAI компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сейед Хожатолла Горейши да кирген. АКШнын Каржы министрлиги анын Иранда аскердик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана курал-жарак чыгаруу иштерине жооптуу болгонун, дрондорду берүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

Тизмеде компаниянын башкаруучу директору, орусиялык аскерлерге "жанкечти" дрондорду колдонууну окутууга жооптуу Хассем Дамавандян да бар. Андан сырткары Иран аэрокосмикалык өндүрүш уюмунун директору Надер Хун Сиаваша да санкцияга илинген.

Буга чейин Украинада ирандык "Шахид-131" жана "Шахид-136" деп аталган "жанкечти" дрондордун колдонулганы белгилүү болгон.

Киев ирандык дрондор менен жарандык объектилерге сокку урууда деп Москваны айыптап келет. Кремль бул дооматтарды четке кагууда.

Былтыр август айынын соңунда The Washington Post Орусияга Украинадагы согушта колдонуусу үчүн дрондордун алгачкы партиясы келгенин жазган. Бул маалыматты башында Тегеран четке кагып, кийин дрондор Орусияга Украинадагы согуш башталганга чейин берилгенин билдирген.

The Washington Post ноябрда Расмий Москва жана Тегеран ирандык өндүрүштөгү учкучсуз аппараттарды Орусияда чыгарууну макулдашканын АКШнын чалгын кызматындагы үч анонимдүү булакка таянып жазып чыккан.

Анда тиешелүү келишиме ноябрдын башында Тегеранда кол коюлганы, өндүрүштү жакынкы айларда жолго коюу макулдашылганы жазылган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG