Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Милиция "ЗиЛде" илинген туу боюнча териштирүү баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция "ЗиЛ" эс алуу борборунда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун туусунун илинишин териштире баштады.

Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү 6-декабрда билдирди.

"Териштирүү учурунда аталган эс алуу борборунун жетекчиси, 74 жаштагы Р.А., аталган желекти алып койгонун айтып, аны өз ыктыяры менен тергөөгө тапшырып берди. Азыркы учурда бул факты боюнча соттук-теологиялык, соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалып, күбөлөр такталып суралууда".

Милициянын маалыматында окуяга юридикалык баа бериле турганы белгиленген.

Буга чейин социалдык тармактарга "ЗиЛ" эс алуу борборунда мамлекеттердин туулары катар илингени, алардын арасында Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун туусу турганы тартылган сүрөт тараган.

Айрым интернет колдонуучулар бул көрүнүш кыргыз-кытай алакасына терс таасир этерин айтып, укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Ал жерде бир миллионго чейин адам бар экени айтылып жүрөт.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөгөн.

31-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасы жарыяланган. Анда Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасоо “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн деп белгиленген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG