Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

"Вагнер" Украинанын Соледардагы турумдарына катуу сокку урду


Соледарда тартылган сүрөт.
Соледарда тартылган сүрөт.

Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары 10-январдын таңында Донецк облусундагы Соледар шаарында украин турумдарына каршы катуу сокку урду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Соледарда бүтүн дубал калбады" деп айтканын "Настоящее время" телеканалы кабарлады.

Украинанын армиясы Орусиянын такталбаган турумдарына жана зениттик-ракеталык комплекстерге абадан сокку урганын, ошол эле учурда орус аскерлери акыркы төрт күндө илгерилеп, Соледарда айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирди.

Украинанын Башкы штабы ошондой эле орус аскерлери Донецк облусунун чыгышындагы Бахмут, Авдиевка жана Лиман сыяктуу бир нече шаарларга чабуул жасап, Купян багытында позициясын жакшыртууну көздөп жатканын кабарлады.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр бир күн мурун Соледарда абал кыйын экенин айткан. Украин президенти Владимир Зеленский Бахмут жана Соледарга кошумча күч жөнөтүлүп жатканын билдирип, ал жакты "фронттогу эң кандуу жерлердин бири" деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG