Шашылыш билдирүү
12-13-январда абанын температурасынын төмөндөөсү уланат. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22°, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° болот. Мындай шартта жайыттарда мал кармоо кыйындап, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши оорлойт. Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 14-январга чейин тоолуу райондордо, Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо бараткан машиналар ортосунда 500 метрлик аралык так сакталышы зарыл.
Аба ырайы
12-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -14…-19;
Талас жергесинде түнкүсүн -21...-26, күндүз -14…-19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -15…-20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35, күндүз -23...-28.
Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22°, күндүз -14…-16° болот.