Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Ошто кылмыш тобунун мүчөсү киши колдуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 12-январда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдарга кол салуу болду. Окуя болгон жерде бычакталгандардын бири каза болду.

Экинчиси оор абалда Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Милициянын маалыматында, каза тапкан адам Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургуну болгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары укук коргоо органдарынын каттоосунда турган. Жарадар болгон адам 1995-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал дагы милициянын каттоосунда турган.

Ушу тапта "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө иштери башталып, кылмышка шектүүлөргө издөө жарыяланды.

Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканы айтылып келет.

2020-жылдагы элдик тополоңдон кийин келген бийлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы күрөш болоруна убада берген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG