Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Британияга дагы 2 миң кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөт


Британияда жумушка орноштуруучу Pro-Fors компаниясы менен кыргыз тараптын келишимге кол коюу учуру.
Британияда жумушка орноштуруучу Pro-Fors компаниясы менен кыргыз тараптын келишимге кол коюу учуру.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору менен Британиянын Pro-Fors компаниясы келишимге кол коюшту.

Ага ылайык, Британияга Кыргызстандан 2 миңдей киши айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөт.

Министрликтин жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев жумушчулардын биринчи тобу март айында жөнөтүлөрүн айтты.

“Былтыр Agri-HR компаниясы аркылуу миңден ашуун киши Британия ишке жөнөтүлгөн. Быйыл биз ортомчу компания жок эле түз келишим түздүк. Бул бизге ал жерге барган жарандарыбыздын укугун коргоп, татыктуу айлык алышына көмөкчү болот. Эң башкысы - бизден баргандар мыйзам бузбай, иштеп келсе дейбиз. Андан сырткары биздин расмий сайтта атайын байланыш номурлары үч айдан бери иштеп жатат, Британияга барганда суроо жаралса чалып, кеңеш алса болот",-деди Алыбаев.

Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөт. Ага чейин документтерди кабыл алуу 17-январда Бишкекте, 20-январда Ош шаарында уюштурулат.

Министрлик Кувейтке тейлөө тармагында жана Венгрия менен завод-фабрикаларда иштөөгө кыргыз жарандарын жиберүү үчүн келишимдерди түзүү пландалып жатканын да кабарлады.

Британия өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Түзүлгөн келишимдин негизинде май айында кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги былтыр Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы менен да келишимге кол койгон. Ага ылайык Жапонияга 300 кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрү кабарланган. Андан тышкары Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү маалым болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген жүздөн ашуун жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG