Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:03

Бишкек: жарыктын авариялык өчүүлөрүнөн улам 33 топ иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бишкек электр тармактары" мекемеси шаардагы айрым райондордо, көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, мындан улам 33 ыкчам-бригадалык топ иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле, жарыкты берүү мүмкүн болушунча кайра калыбына келтирилип жатканын кабарлады.

Мунун алдында, 13-январда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымалдыгын эскерткен.

Мекеме тараткан маалыматта “электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр түйүндөрүнө жана жабдыктарга күч келүүдө, айрыкча мындай көрүнүш электр жарыгы эң көп колдонулган учурларда катталууда. Ошондуктан жабдыктарды ысып кетүүдөн коргоо жана алардын жарактан чыгып калуусуна жол бербөө үчүн кыска убакытка токтотуулар болушу мүмкүн” деп жазылган.

Ишкана керектөөчүлөргө кайрылып, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылуураак боло баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG