Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Митингге тыюу салынган жерлердин тизмеси дагы узарды


Эркиндик бульвары. 2022-жылдын 14-октябры.
Эркиндик бульвары. 2022-жылдын 14-октябры.

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмеси дагы узарды. Ленин райондук акимчилигинин 16-январдан 1-апрелге чейин тынч жыйындарды чектөө тууралуу чечимин райондук сот мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чектөө президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлерге тийиштүү болот.

Буга чейин Биринчи Май районунун аймагындагы Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын тегерегинде, Эркиндик бульварынын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде жана Таттыбүбү Турсунбаева атындагы бакчада митинг өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Бул жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. 31-мартка чейин деген чечимди райондук сот 10-январда мыйзамдуу деп тапкан.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчага чогулса болот.

Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG