Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Киев облусунда тик учак кулап, Украинанын ИИМнин жетекчиси курман болду


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

18-январда эртең менен Киев облусунун Бровары шаарында тик учак кулап, Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Енин, мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович курман болду. Тик учактагы тогуз киши тең набыт кеткени кабарланды.

Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Алдын ала маалыматка караганда 16 киши каза болду, алардын үчөө балдар. 22 киши ооруканага түштү, алардын ичинен 10 наристе балдар үйүнүн тарбиялануучулары.

Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазды.

Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG