Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Өзбекстанда электрикке бычак такаган аялга кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстанда жарык көп өчүп жатканынан улам энергетикалык ишкананын кызматкерине бычак такаган аялга кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура анын үстүнөн “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматка караганда, 16-январда Чырчыкта үйдө жарык жоктугуна нааразы болгон бир нече тургун шаардык электр түйүндөр компаниясынын диспетчердик пунктуна келген. Алардын бири - 35 жаштагы келин мекеменин кызматкерине бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылган.

Өзбекстанда бир аптадан бери чөлкөмгө мүнөздүү эмес катуу суук өкүм сүрүүдө. Ташкентте жана башка аймактарда сууктан улам электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

16-январда Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынган. Эки жарым миллиондой калкы бар баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына сөгүш берилген.

Ташкенттин айрым тургундары үйлөрүнүн алдына каршылык акциясына чогулуп, социалдык түйүндөрдө шаардын мэрин гана эмес, президенттин да кызматтан кетишин талап кылган учурлар болду.

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Өлкөдөгү ири соода борборлоруна кечки саат бешке чейин гана иштөө эрежеси киргизилди.

Энергетика министрлиги батирлерде бирден гана жылытуучу жабдыктарды колдонууну, жеке ишкана жана уюмдардын кызматкерлерине онлайн режимде иштөөнү сунуштады. Мектептерде кышкы каникул 23-январга чейин узартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG