Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Парламентте энергетика министрин иштен кетирүү жана жоопко тартуу тууралуу айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйылкы кыштын эң суук күндөрү электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап жатканына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жоопкерчилиги боюнча маселе бүгүн 19-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Таалайбек Сарыбашов министрге үмүт чоң болгонун белгилеп, ал кышка даярдык талаптагыдай деп убада бергенин эскертти:

“Сизге үмүтүбүз аябай чоң эле. Сиз актай албай калып жатасыз да. Жер-жерлердеги монтёрлорго ыраазычылык айтам, силердин шалаакылыгыңардан түнү менен талааларда, авария болгон жерлерде кар малтап иштеп жүрүшөт. Кышка даярбыз деп тынбай айткансыздар. Азыр “Мен бошотуп бергенге даярмын” деп жатасыз. Мындай докчуланбай орун басарларыңызды ээрчитип алып кызматтан өз каалооңуз менен кетип да үйрөнүш керек”.

Министр Ибраев депутаттардын алдында сүйлөп жатып жоопкерчиликтен качпай турганын айтып, кызмат ордуна кармалып отуруу ниети жок экенин билдирген:

“Мен жоопкерчиликтен качпайм. Бирок бүгүнкү кырдаал биздин даярдыктын эмес, генерациянын маселеси. Мен бир ГЭСти үч айда куруп бүтө албайм, кичи ГЭС да кура албайм. Бүгүнкү күндө мен жоопкерчилик алып келген жабдык 100% эмес, 110% чейин иштеп жатат. Авариялык өчүрүүлөрдөн тышкары толук даярбыз деп айтканбыз. 20,5 киловатт саатка көбүрөөк колдонуп жатабыз. Жоопкерчиликти алып бир адам келип иштеши керек. Андай адам бүгүнкү күндө жокко эсе. Мен бул креслого кармалбайм. Менин ордума бирөө “мен ушул абалдан чыгарып кетем” деп келсе бошотуп берем”.

Министрдин мындай жообуна депутат Тазабек Икрамов нааразы болуп, жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

“Силерди кармабай эле жоопко тартыш керек”, - деди ал.

Кыргызстанда 11-январдан тартып кыштын эң суук күндөрү өтүүдө. Түнкүсүн айрым өрөөндөрдө абанын температурасы 25 градустан төмөндөгөн. Суукта электр энергиясы улам өчүп, адамдар кыйналып жатканын бүгүн парламент депутаттары айтышты. Бул көйгөй социалдык түйүндөрдө да кызуу талкууланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG