Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

ТИМ былтыр чет жактан 350 мигранттын сөөгү келгенин билдирди


“Жүк-200”
“Жүк-200”

Былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Бул тууралуу бүгүн 19-январда Бишкекте жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Кулубаевдин айтымында, “Жүк-200” алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Министр белгилегендей, 350 маркумдун 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

2021-жылы, ТИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны азыркы тапта чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG