Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

ТИМ: Мирзиёев Кыргызстанга жакынкы арада келет


Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен “эң жакынкы арада” келери пландалып жатканын 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкектеги басма сөз жыйында билдирди:

“Эң жакынкы арада бул сапарды уюштурабыз деп ойлойм. Азыр конкреттүү даталар боюнча иш жүрүп жатат, бирок азырынча биз аны айта албайбыз. Бирок иш жүрүүдө. Эң жакынкы арада болот”.

Кулубаев былтыр ноябрда Өзбекстандын башкы дипломаты Владимир Норов Бишкекке келгенде Мирзиёевдин сапарынын күн тартиби, мазмуну деталдуу түрдө талкууланганын, сапарды жаңы жылга чейин уюштуруу планы болгонун, бирок Өзбекстандагы климаттык кырдаалдан улам алар сапарды кийинкиге калтыра турууну суранышканын кошумчалады.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору пландалууда.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат.

Жакында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Мирзиёевдин сапарынын алдында, 25-январда Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер кеңешинин жыйыны өтөрүн кабарлаган.

Өзбек президентинин сапары тууралуу 18-январда Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуусунда да сөз болгон. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, анда "эки жетекчинин саясий эркинен улам соңку жылдары эки өлкөнүн өз ара ишенимге жана ынак коңшулукка негизделген мамилелерин бекемдөө, кеңейтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы" белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG