Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Бишкектеги ыш: Министрлик негизги себеп ЖЭБде экенин билдирди


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер боюнча маалымат берди.

19-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрдин орун басары Алмазбек Туманов:

“Биринчи себеби Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) деп жатабыз. Экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен курулуп кеткен курулуштар. Үчүнчүдөн – автоунаалар”, - деп айтты.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет.

Бүгүн бул көйгөй Жогорку Кеңеште тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен талкууланып жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG