Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду


Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолходанын жолугушуусу. Тегеран, Иран.
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолходанын жолугушуусу. Тегеран, Иран.

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуунун алкагында Иран Ислам Республикасына барды. Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту.

Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлагандай, бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталганын билдирген.

Кыргызстандын биринчи айым Айгүл Жапарова алдыдагы конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын талкуулоо үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.

Тараптар бул багыттагы кызматташууну макулдашты. (ErN)

XS
SM
MD
LG