Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Өзгөндүн Большевик айылында жаңы мектеп курулду


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

23-январда Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагына караштуу Большевик кыштагында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Буга чейин Большевик айылында мектептин имараты болгон эмес.

Мектептин курулушун Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду каржылады. Курулуш иштери 2020-жылдын февраль айында башталып, пандемияда убактылуу токтотулган.

Билим берүү министрлигинин буга чейинки маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG