Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Кыргызстанда 300дөн ашык айылда таза суу системасы жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476 айылда эскилиги жеткен. Бул тууралуу парламенттеги тармактык комитеттин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев маалымдады.

Ал кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алганын белгиледи.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирип, быйыл Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотту. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн. Үч жыл мурун бийлик 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда таза суунун тарифин жогорулатуу керектигин билдирген.

Анын айтымында, бир куб метринин (миң литр) өз наркы 7 сом 70 тыйын болгон ичүүчү сууга Бишкектин тургундары 5 сом 38 тыйын төлөп жатышат. Чүй облусунда бир куб метр таза суунун муниципалдык тарифи 8 сом, Жалал-Абад облусунда 15 сом деп аныкталган.

Жапаров баа айрым райондордо, мисалы, Өзгөндө 39 сомго жетерин кошумчалады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG