Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Руслан Бекназаровдун соттук ишиндеги материалдарда айырмачылык чыкты


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен соттолуп жаткан Руслан Бекназаровдун ишиндеги документтерде айырма бар экени белгилүү болду. 23-январда Биринчи Май райондук сотундагы жараянга лингвистикалык экспертиза жүргүзүп, корутунду чыгарган адис, Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эксперти катышты.

Териштирүүнүн натыйжасында эксперттин атынан иштин материалдарына тиркелген корутунду менен ал өзү сотко алып барган корутундуда айырма бар экени аныкталды. Натыйжада далилдерди көрүү үчүн отурумду башка күнү улантуу чечими кабыл алынды. Ошону менен катар Бекназаровдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечими чыкты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2022-жылдын 14-сентябрында Бишкектин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаровдун кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде социалдык түйүндөрдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясына үгүттөгөн материалдарды жайылтып жүргөн аккаунт менен байланыштырган.

Бекназаров дээрлик эки ай тергөө абагында камалып отургандан кийин үй камагына чыккан.

Ноябрда акимдин биринчи орун басары кызматынан өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген. Ал саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу.

Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта жатат.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG